Депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин аткарган ишине нааразы болду

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин аткарган ишине нааразы болду.

"200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Ушул убакытка чейин 4 миң үй-бүлөгө гана ипотекалык насыя берип жатсаңыздар ошондо 1 пайыз эл турак жай менен камсыз болбоптур да. 3 жылдан бери кылган ишиңиз ушулбу? Мага сиздин иштегениңиз жакпай жатат. Эч кандай идеяңыз жок. Көйгөйлөрдөн чыгуунун жолдору боюнча сунушуңуз жок. Конституцияда мамлекет ар бир жаранды турак жай менен камсыз кылышы керек деп жазылган. Ошонун негизинде иш алып барсаңыздар болот да", - дейт Кыдыралиев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев бир топ иштер аткарылып жатканын белгиледи. "4 багытта иш алып барып жатабыз. Учурда биринчи багытта иштеп жатабыз. Алгач турак жай менен камсыз кылуу боюнча институттар түзүлүп, анан турак жай маселеси чечилет. Ошонун негизинде иш алып барабыз", - дейт Шамкеев.

Депутат Каныбек Иманалиев бул маселе боюнча парламенттик угуу уюштурууну сунуштады.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017 жана 2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан