КСДП партиядан чыгарылган Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп берүү үчүн чукул маалымат жыйын өткөрдү (видео)

Кечээ, 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөнүн SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган " Кожобек Рыспаевди, Сагынбек Абдрахмановду жана мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз деп табылды. КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алды", - дейт Өмүркулов.

Депутаттын бул билдирүүлөрүнө жооп берүү үчүн КСДП чукул маалымат жыйынын өткөрүүдө. Партиянын айтымында, съездди жана саясий кеӊешти чакырганга укугу жок.

Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан. Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан