Ош облусунда көк бөрү оюнунда кулап түшүп, башы тай казанга тийген улакчы каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына маркумдун айылдашы тастыктады.
Белгилүү болгондой, 28-февраль күнү улакчы Майрамбек Авазбек уулу көк бөрү оюнунда аттан кулап, тай казанга башы менен тийип, катуу жаракат алган.
"Ал кечээ, 4-март күнү операция учурунда каза болуп калды. Артында үй-бүлөсү, 1 жаштагы баласы калды", - деди айылдашы.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Ак-Тоок айылында улак тартыш учурунда ат токко урунуп өлүп, ээси ооруканага жеткирилгенин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирген.
Өткөн жылдын май айында Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда улакчы Дастан Жакеев аттан кулап, катуу жаракат алган. Анын дарылануусуна каражат топтоо үчүн Манас Ниязовдун Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кийген формасы аукционго коюлуп, 80 миң сомго сатылган.