Улакчы Манас Ниязовдун аукционго коюлган формасы 80 миң сомго сатылды

Бүгүн, 19-январда белгилүү улакчы Манас Ниязовдун 2016-жылы 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасынын аукциону жыйынтыкталды. Форманы Руслан аттуу мырза 80 миң сомго сатып алганы маалым болду. Жогорудагы каражат Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, катуу жаракат алган улакчы Дастан Жакеевге берилерин көк бөрү федерациясынан билдирди.

Ал эми Дастандын атасы Алишер мырзага байланышканыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду.

"Уулумдун ден соолугуна кайдыгер карабаган Манас Ниязов баш болгон көк бөрү федерациясынын улакчыларына жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Учурда уулум Дастан өз алдынча баса албайт. Каражаттын тартыштыгынан улам калыбына келүүсү кечеңдеп жатат".

Буга чейин Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлуп, баштапкы баасы 2 миң сомдон башталган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksat
2019-01-19 22:43:56
A9bai sonun iw boluptur bir eldin bir jerdin adamybyz baarybyz biri-biribizge jardam kolubuzbu a9bai jardam bereli
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан