Ирина Карамушкина: "Иса Өмүркулов айткан 3-апрелдеги КСДПнын съезди болбойт, бул калп"

Бүгүн, 5-мартта КСДП партиясы кеӊсесинде маалымат жыйын берип жатат. Буга партиядан чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун билдирүүсү себеп болду. КСДП фракциясынын лидери Өмүркулов КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын, партиянын жетекчилерин алмаштыруу жана башка маселелерди съезддин катышуучулары чечерин айткан.

Маалымат жыйынына катышып жаткан депутат Ирина Карамушкина: "Иса Өмүркуловдун КСДПнын бир дагы саясий кеңешине жана съездине катышууга укугу жок. Ал партиялык жыйындарга дагы катыштырылбайт. Өмүркулов партиянын атайын чакыруусу менен гана катышуусу мүмкүн. Өмүркулов айткан 3-апрелдеги КСДПнын съезди болбойт, бул калп. Ал өзүнүн тарапташтары менен кандайдыр бир чогулуштарын өткөрүшү мүмкүн, бирок ага КСДПнын эч кандай тиешеси жок. "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы дагы биздин партияга тиешелүү эмес", - деди.

Ошондой эле ал КСДПнын съезди ушул жылдын 6-апрелинде боло турганын, бул дата 2018-жылдын 31-октябрында бекитилгенин кошумчалады.

Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.

Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.

Маалымат жыйындан түз эфирди бул шилтеме аркылуу көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан