Депутат аймактарды өнүктүрүүгө каражат бөлүнгөнү менен жыйынтык көрүнбөй жатканын айтты

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда каралууда.

Депутат Айнура Осмонова: "Кепилдик фонддун өкүлдөрүнө, Улуттук банктын төрагасына кайрылгым келет, бөлүнгөн акчаларды тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Акчаны региондорду өнүктүрүүгө жумшоо керек. Шаарда отуруп алып өзүнчө контора болуп, аймакта кайсы ишкана ачылганы боюнча эч кандай маалымат жок болуп калып жатат. Региондорго көбүрөөк көңүл бурулушу керек. Канчалаган каражаттар бөлүнгөнү менен тилекке каршы, көрүнүктүү жыйынтыктар болбой жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан