Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстан, Япония, Бельгиядагы элчилери кызматына талапкерлер жабык эшик артында каралды.
Талапкерлер Тышкы иштер министрлиги тарабынан сунушталды.
Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчиси кызматына Мирослав Ниязов;
Кыргыз мамлекетинин Япониядагы элчи кызматына Мирлан Арстанбаев;
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчи кызматына Муктар Жумалиев.
Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда аты аталган талапкерлерди колдоду.