Ирина Карамушкина: "Иса Өмүркуловдун КСДПнын төрагалыгын алам деген ою - ишке ашпаган аракет"

Бүгүн, 5-мартта КСДПнын маалымат жыйынында партия төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина: "Учурда Жогорку Кеңеште отурган партиялаштарым жүзүн буруп кеткени мени өкүндүрөт", - деди. Мындай пикирин ал Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү учурунда айтты.
"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев силерге эмне кылды деген суроого партиялаштарым жооп бере алышпайт. Фракциянын төрагасы Иса Өмүркулов болсо эле аны 40 миңден ашык адам ээрчип кетип калбайт. КСДПнын төрагалыгын алам деген ою - бул ишке ашпаган аракет", - деди Карамушкина.
Мындан тышкары КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков Иса Өмүркуловдун 3-апрелде партиянын съездин өткөрөбүз дегени легитимсиз экенин айтты.
"Алар съездди өткөрө алышпайт. Анткени бардык документтер биздин колубузда. Бир эле партия эки жолу каттоого алынбайт, буга мыйзам жол бербейт. Өмүркулов кандай жол менен өткөрөрү бизге белгисиз. Бирок кандай жол менен өткөрсө да ал съезд мыйзамдуу болбойт", - дейт юрист.

Жыйындын катышуучулары учурда КСДПнын абалы оор экенин айтышты.
Иса Өмүркулов КСДП 3-апрелде партиянын съезди өтө турганын билдирген. Ага чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.

Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан