Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.
"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жооп берди.
Эл өкүлү жакын арада чиновниктердин байлыгы текшерилип башталарын айтты.
“Мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы боюнча ачык маалымат берүү керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык акысы тууралуу маалыматтар бар. Жакын арада чиновниктердин байлыгын текшерген декларациялык кампания ишин баштайт. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматы ошол чиновниктер тапшырган декларациясын ачык жарыялайт. Ошондуктан эч кандай айлыкты жашырып айтпай коюуга болбойт. Себеби коомчулукка отчёт катары айлык маяна ачык болушу зарыл”, - деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Аида Исмаилова, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров жана Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.