Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматты өкмөт мүчөлөрү берет. Жыйындын күн тартибинде мындан тышкары 3 маселе каралат. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.