Биринчи вице-премьер: "Аким дайындоодо талаш-тартыш жаралып, эл уруу-уруу болуп бөлүнүүдө"

 Кубатбек Боронов

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аким дайындоодо талаш-тартыштар жаралып жатканын айтты.

Умбеталы Кыдыралиев премьер-министр 6 акимди кызматтан бошотуп, бүгүнкү күндө 2 аким дайындала электигин белгиледи.

"Жазгы талаа иштерин райондордо акимдер жүргүзүшү керек. Жакында эле премьер-министр 6 акимди кызматтан бошотуп, 2 акимди дайындай элек. Акимдер КСДПнын депутаттары же өкмөт өкүлдөрү аймактарга барып калса ошолорду тосуу менен алектенип жатышат. Жергиликтүү менеджерлер иштебесе жазгы-талаа иштери жакшы жүрбөй калат", - деди Кыдыралиев.

Боронов: "Учурда акимдер боюнча сунуштар түшүп жатат. Аксы районунун акимин дайындоодо талаш-тартыш жаралууда. Эл уруу-уруу болуп бөлүнүүдө. Жакында бул маселе чечилет. Аким дайындалбай турса биринчи орун басары кызматын аткара берет", - дейт.

Депутат Алмазбек Токторов: "Биринчи вице-премьер-министр катары уруу-уруу болуп бөлүнүп жатышат деп айткан туура эмес", - деп эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан