Биринчи вице-премьер жазгы талаа иштерине 39 миң тонна дизель майы керектеле турганын айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жазгы талаа иштерине 39,1 миң тонна дизель майы керектеле турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жазгы талаа иштерине керектелчү дизель майынын 53,2 пайызы даяр.

“Дизель майынын орточо баасы 45 сом. Күйүүчү майларды импорттоо боюнча Орусия менен план бекитилди. 2018-жылы 643,2 миллион сомго 338 даана айыл чарба техникалары лизингге берилсе, быйыл 350гө чейин берүү пландалууда. Жазгы талаа иштерине даярдыктар өз нугунда жүрүп жатат”, - дейт ал.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан