Депутат: "Күйүүчү майдын баасы боюнча Монополияга каршы күрөшүү агенттиги жөндүү түшүндүрүп беребей жатат"

"Күйүүчү майдын баасы боюнча Монополияга каршы күрөшүү агенттиги жөндүү түшүндүрүп бере албай жатат", - деп бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

"Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы күйүүчү майдын баасынын айырмасы 10 сом. Бул боюнча эл арасында суроолор жаралууда. Ал эми Монополияга каршы күрөшүү агенттиги, башкасы да аны жөндүү чечмелеп бере албай келет. Эмне үчүн? Мисалы, бизде күйүүчү майдын акциздик салыгы 5 сом. Ага жол чыгымы, ортодон пайда табуу сындуу дагы башка чыгымдар кошулат. Ошондон улам Казакстан менен айырма 10 сомго чыгып отурат. Силер жөнөкөй эле нерсени жөндөп түшүндүрүп бере албай жатасыңар. Минтип иштөөгө болбойт", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан