Депутат Айыл чарба министрлигине бир жылда канча каражат бөлүнө турганын сурады

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бир жылда канча каражат бөлүнө турганын сурады.

Министр Нурбек Мурашевдин айтымында, айыл чарба тармагына бир жылда 1 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. “Анын 82 пайызы суу чарба департаментине жумшалат, 18 пайызы министрликтин аппаратына жана калган департаменттерге бөлүнөт”, - дейт министр.

Баатырбеков министрликте координациялоо иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан