"Биз деле колхоз, совхоздо иштеп келгенбиз", - деп бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев сөз баштады.
"Өкмөт өкүлдөрүнө суроо берүү үчүн Мирлан Бакиров кайра-кайра жазылып, бизге сөз бербей койду. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине сын-пикирлер көп айтылып жатат. Кээ бирлери алмабызды сата албай жатабыз дешсе, айрымдар картошкабызды саттык деп айтышат. Министрлик бул боюнча иш алып барып жатат. Артыңызда "костюмуна батпаган" орун басарыңыз Жаныбек Керималиев отурат. Ага ирригация иши боюнча тапшырмалар берилген, бирок аткарылган жок", - деп депутат министр Нурбек Мурашевге айтты.
Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берүүдө. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.