Депутаттар "Ош базарынын" тегерегинде сатылып жаткан эттер тууралуу маселени козгошту

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште депутаттар "Ош базарынын" тегерегинде сатылып жаткан эттер тууралуу маселени козгошту.

Депутат Улугбек Ормонов: "Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов бардык суроолорго жооп берем, бардыгын билем деп жатат. "Ош базардын" тегерегинде сатылып жаткан малдын эти кайдан келип жатат? Бул боюнча ким жооп берет?" - деп сурады.

Жумаканов базардын тегерегинде эт сатылып жаткандыгы боюнча видео эки жыл мурун чыкканын айтып, азыр мурункуга салыштырмалуу жакшы болуп калганын белгиледи.

Депутат Зиядин Жамалдинов ал жактагы абал бүгүнкү күнгө чейин оңолбогонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан