Адил Турдукулов: "КТРКнын директорун шайлоого бийлик да киришти деген ойдомун"

6-мартта Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерди тандоо жыйынында жашыруун добуш берүү өткөрдү. Шайлоодо Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү 7 талапкерге добуш беришти. Жыйынтыгында Байкоочу кеңештин 13 мүчөсүнүн добушуна ээ болгон Жайнак Үсөн уулу КТРКнын директорлугуна тандалды.

Талапкерлердин бири Адил Турдукулов бир адамдын 10дон ашуун добуш алышы кыйын деген пикирин айтып, шайлоо процедурасы туура эмес жазылганын кошумчалады.

"Шайлоонун атаандаштык негизде өткөнү жакшы болду. Эл шайлоо процессине көңүл буруп, назар салганынан кийин каналдын аты гана өзгөрбөстөн маңызы да өзгөрөт деп күткөн болчу. Шайлоо процедурасы туура эмес жазылган. Анда коомдук кеңештин ондон ашык мүчөсү бир талапкерди шайлаганда гана директор болуп дайындалышы жазылган. Сырттан кандайдыр бир көрсөтмө болбосо буга жетиш абдан кыйын. Ким көбүрөөк добуш алса ошол директор болсо туура болмок. Бул жерде бийлик дагы киришип өзүнүн талапкерин койду деген ойдомун. Кандай болсо да Жайнак Үсөн уулу каналды өзгөртүүгө аракет кылышы керек. Өзгөрүү болбосо КТРКнын рейтинги дагы түшө берет. Абдан чыгашасы көп канал болгондуктан мамлекетке оорчулук пайда боло берет", - деди Турдукулов.

КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан