Активист Улан Үсөйүн: "Башкалар алдыга умтулуп жатса, биз ата-тегибиз жараткан нерсени кайра алып чыгып, мактанганды үйрөнүп алдык"

Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
Активист Улан Үсөйүн бул боюнча жарандар уруу, айыл, көчө болуп бөлүнөрдөн мурун дүйнө таанымын кеңейтиши керек деген пикирин айтты.
"Илон Маск Марска адамдарды көчүрөм деп жатканда кыргыздар бир айылга батпай бөлүнүп жатпайбызбы. Чындыгында эле айылда депутаттарды шайлаганын да көрүп калгам. "Жакшыбы же жаманбы айырмасы жок, биздин баланы шайлаш керек" деп кадимкидей аксакалдарыбыз барып көзөмөлдөп, "шайладыңбы" деп турушат. Ал кандай иштейт эч кимди ойлондурбайт. "Калганы эмне болсо ошол болсун, биз жыргап жашасак болду" дегендер бар. Бул ой-жүгүртүү билим деңгээлибизди көрсөтүп жатат. Башкалар алдыга умтулуп жатса, биз ата-тегибиз жараткан нерсени кайра эле алып чыгып, жаңы нерсе жаратпай эскини чукуп ошол нерсени кыйкырып мактанганды үйрөнүп алдык. Бул дүйнө таанымдын тардыгынан деген ойдомун. Ошол кыйкырып чыгып жаткандардын кимиси миграцияга чыккандан башка нерсе жасаптыр, кимиси өзүн-өзү өстүрүү үчүн окуптур? Адам билимдүү, дүйнө таанымы кенен болгондо "мен кыйынмын" деп айтпайт. Көчө-көчө, кошуна-кошуна болуп бөлүнүү Кыргыз өлкөсүнүн бардык эле жерде бар. Биз дүйнө таанымыбызды кеңейтип, көрөңгөбүздү байытышыбыз керек. Эгер муун жакшы жагына өзгөрсө өнүгүү болот. Болбосо бул нерселер ошол бойдон кала берет. Шайлоого жакын мындай нерсенин далайын көрсөк керек", - деди Үсөйүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикирлери бул топтомдо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан