Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жатат. Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү сактап калуу керектигин айтып чыкты.
"Ашырбек Темирбаев (ред. өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү), өкмөт отурум өткөрүп эки маселени күн тартибине киргизип коюуну суранат элем. Туристтик сезон келе жатат, Ысык-Көл облусунда, райондордо эки чоң көйгөй бар. Биринчи маселе - жылда атайын комиссия 180 чакты пансионаттын документтерине губернатор баш болуп кол коюп беришет. Ал жакта саналуу эле пансионаттарда саркынды сууларды тазалоочу жайлар бар. Калгандарына формалдуу түрдө кол коюлуп, иштеп жатышат. Анализдесем, бул жаатта чоң көйгөй бар. Ар бир райондогу саркынды суулар, таштандылар кайда кетип жатканын көзөмөлдөп, көңүл буруу керек. Таштандылардын баары көлгө кирип жатат. Азыр буга байланыштуу мыйзам долбоорун жазуудабыз.
Экинчи маселе - Ысык-Көлдө эле эмес, өлкө боюнча таштандыларды кайра иштетүүчү жай жок. Жай келгенде эле ушул маселелер көтөрүлө баштайт.
Биз да ушуга даярдык көрбөсөк болбойт. Аким менен сүйлөшсөм күнүнө бир пансионаттан кеминде 5 тонна таштанды чыгат экен. Муну эсептесек күнүнө 180 пансионаттан болжол менен 800-900 тонна таштанды чыгып жатат. Завод салбасак да, полигон куруу керек", - деди депутат.