Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеӊеште өнөр жай объектилеринин курулуштарын этап-этабы менен курууга уруксат берүүгө багытталган "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагындагы айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев: "Курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен долбоорлоо жана куруу процессин айкалыштыруу зарыл. Мындай иш курулуштун жүрүшүнүн убактысын кыскартат жана объектилерди пайдаланууга тез аранын ичинде берүүгө өбөлгө түзөт. Бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, этап-этабы менен долбоорлоо жана куруу концепциясы оптималдуу вариант болуп саналат", - деди.
Этап-этабы менен куруу концепциясы азырынча өнөр жай объектилеринен баштала турганы белгилүү болду.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев: "Мыйзам долбоорун колдойм, бирок анда өлкөнүн жеке курулуш тармагы камтылбай калган. Жеке курулуш - ири тармак, аны көӊүл сыртында калтырууга болбойт, андан бюджетке ири көлөмдөгү каражат түшүүдө. Ошондуктан ага дагы этап-этабы менен долбоорлоого жана курууга уруксат берүү керек", - деди.
Өкмөт өкүлү мындай пикирге кошулуп, жаӊы мыйзам долбоорун сентябрь айында парламенттин кароосуна киргизүүнү убадалады.