Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган ченемдик укук актыларын аткаруу жол-жоболорун аныктоо максатында иштелип чыккан “Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаев өз сөзүндө мыйзам долбоору тармактык комитетте кылдат талкууланганын, депутаттар тарабынан берилген сунуштар эске алынганын билдирди.
“Пробация жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу жана жазыктык-укуктук мүнөздөгү чаралар колдонулган адамдардын түзөлүүсү жана кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыкты. Ал үчүн Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталды”, - деди ал.