Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.

Журналист
Мирлан Самыйкожо аялзатына болгон камкордук дайыма керек экенин белгиледи.
"Аялзатына жетиштүү көңүл бурулуусу зарыл. Бирок бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде аялзатына болгон мамиле чабал болуп жатат. Аларга болгон камкордук дайыма керек. Тилекке каршы, коомдо аял менен эркектин орду тең сыяктуу кетип бара жатат. Биз баары бир аялзатына кам көрүшүбүз зарыл. Анткени ааламдын бүтүндүгүн аялдар кармап турат. Ал эми акыркы учурда аялзатына жасалган зордук-зомбулуктар көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Бул адам кыла турган иш эмес. Мындай иштерге терс көз караштамын", - деди Самыйкожо.
Вице-премьер-министр
Алтынай Өмүрбекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Атыр Абдырахматова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы
Дарика Асилбекова, журналисттер
Махинур Ниязова, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин
бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.