Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.

Бул боюнча журналист
Махинур Ниязова милицияда да, бийликте да жалаң эркектер болгондуктан
Бурулай менен болгон окуя орун алганын айтты.
“Аялзатына жылына бир жолу, 8-Март күнү эле көңүл бурулат. Калган убакта аялдар да, балдар да корголбой жатат. Алар көп учурда жаман мамилеге туш болууда. Бул жагдайда мамлекет тарабынан коргоо таба албайбыз. Аялдардын укугу жөнүндө көп айтылат, бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, аялдар бийликте эмес жана алардын ою кандайдыр бир чечим кабыл алууда эсепке алынбайт. Мисал катары айтсам, эртең 8-Мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү тынчтык жүрүшкө чыгарын билдиришти. Алгач ага тыюу салынган, эмне себептен? Себеби "Кырк чоро" бирикмеси, мындай айтканда, эркектер бул жүрүшкө каршы чыкты. Социалдык тармактагы ызы-чуудан кийин гана бул жүрүшкө уруксат берилди.
Аялдар өздөрүн өздөрү гана коргоп калды. Өлкөдө милицияда да, бийликте да жалаң эркектер болгондуктан Бурулай менен болгон окуянын жыйынтыгы жок болуп жатат. Бирок бул нерсе бийликке сабак болгон жок. Аялдарды экинчи планга жылдыруу улантылып жатат. Акылга сыйбаган окуялар бийликке да, өлкө башчысына да эч кандай таасирин бербей жатат. Президент аялдардын укугун коргой турган бир билдирүү жасаганы сиздердин эсиңиздерде барбы? Жок", - деди Ниязова.
Вице-премьер-министр
Алтынай Өмүрбекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Атыр Абдырахматова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы
Дарика Асилбекова, журналисттер
Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин
бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.