Өлкө аймагына сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу чаралары каралууда

Жогорку Кеӊеште сымап камтылган товарларды жана алардын калдыктарын урунуу жаатында экономикалык механизмдерди киргизүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттардын адамдын байыр алуу чөйрөсүнө чыгуу булагы болуп саналгандыктан аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгы жаралууда. Ошондон улам экологиялык жагымсыз өнүмдөргө атайын төлөмдөрдү киргизүү, алынган каражаттарды экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу чаралары каралууда.

Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү сымап камтылган өнүмдөрдүн жетиштүү саны анын калдыктарынын көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет. Мындай товарлардын түрлөрүн өндүрүүнү жана ташып келүүнү чектөөгө, ошондой эле аларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн каржылык базаны камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди ишке киргизүү каралып жатат.

Айрым депутаттар сымап кошулуп жасалган буюмдардын калдыктары башаламан ташталып жатканын, ошондуктан аларды өзүнчө чогултуп, кайра иштетүү зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан