Эл өкүлү саламаттыкты сактоо министринин орун басарына: "Өзүңүз эле иштей бербей министрди деле түртмөлөп иштетсеңиз"

Эл өкүлү саламаттыкты сактоо министринин орун басарына: "Өзүңүз эле иштей бербей министрди деле түртмөлөп иштетсеңиз". Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев айтты.

Эл өкүлү Казакбаев Саламаттыкты сактоо министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынан эмне себептен 2 миллион доллар грант алып жатканын сурады.

"Эмне себептен 2 миллион доллар сурадыңар? Эмнеге 10 миллион доллар же 20 миллион доллар сурабайсыңар? Эгерде каражат көбүрөөк сурасаңар теле медицина менен Кыргыз мамлекетиндеги аймактардын баарын камсыз кылмаксыңар. Эгерде бүгүнкү күндө макулдашуу долбооруна кол коюла элек болсо дагы 6 миллион доллар каражат таап аймактарды теле медицина менен камсыздоо иштерин карап көргүлө", - деди Казакбаев.

Жыйында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени" долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан