Ушул жылы сот системин каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого 2 миллиард 154 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын 11-курултайында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Сот-укуктук реформасынын максаты - бул сотторду гана эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системин реформалоо. Себеби сот адилеттигинин сапаты – күч органдарынын ишинен абдан көз каранды. Адам укуктарын сактоо үчүн укук коргоо органдарынын ишин бүгүнкү турмушка ылайык, түп тамырынан бери кайрадан түзүш керек. Аталган реформалар соттордун гана эмес, жалпы мамлекеттин иши.
Саясий эрк бар, каражат да бар. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системине каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, дарыгерлер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда гана көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системин приоритеттүү багыт кылып отурабыз. Бирок силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат", - деди Жээнбеков.