Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны жабык өтүүдө. Анда Түркиядагы элчилик кызмат ордуна дайындоо маселеси каралмак

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны жабык өтүп жатат. Аталган жыйында кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, Орусиялык аскердик базанын турушунун статусу, шарттары жана Түркиядагы элчилик кызмат ордуна дайындоо маселелери каралмак.

Бул тармактык комитеттин жыйыны өткөн жумада дагы жабык өткөн.

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчисинин кызмат ордуна Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы парламенттен маалым болгон. Ал буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордуна иштеп келген.

Түркиядагы мурунку элчи Ибрагим Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызматка расмий дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан