Мамлекеттик органдардын алдында ачылган эсептер жабылып, атайын каражаттар топтоло турган "казыналык эсеп" ачылат

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Жыйында 12 мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталды. Анда Финансы министрлигинин өкүлү төмөндөгүдөй белгиледи: "Жаңы мыйзам долбоорунун алкагында кабыл алынган Бюджеттик кодекстин ченемдерине ылайык, атайын каражаттар түшүнүгү жоюлат. Ал үчүн бюджеттик мекемелер тарабынан алынган демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гранттык жардамдардан, ыктыярдуу салымдардан жана камкорчулук төгүмдөрдөн түшүүчү каражаттар топтоло турган атайын "казыналык эсеп" деген ченем киргизилүүдө", - деди финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков.

Буга чейин депутат Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар атайын эсепке чогулган каражатты каалаган учурда каалагандай чачып жатканын айткан.

"Мамлекеттик органдардын алдында ачылган атайын эсептердин баарын жаап, ал жактагы каражаттын жумшалуусуна көзөмөлдү күчөтүү зарыл", - деп белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан