Депутат Дастан Бекешев: "Соттун чечимдеринин туура эместигинен жарандар депутаттарга кайрылууда"

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин, 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Ал сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу үчүн отурумдарды ачык көрсөтүү керектигин айтты.
“Сот процесси жүрүп жаткан учурду ачык көрсөтүшө албаса, жок дегенде видеокамерага жаздырып сайтка жайгаштыруу зарыл. Мындан тышкары соттордун чечимдери да ачык болуп, маалымат катары атайын сайтка илинип турушу абзел. Себеби соттордун чечимдери начар болуп жатат. Алар кабыл алган чечимдердин туура эместигинен жарандар депутаттарга кайрылууда. Анткени соттун чечими турат бирок анын аткарылышы тууралуу ойлонбой жатышат. Мисалы, соттор саясий, коррупциялык маселелер боюнча тез аранын ичинде чечим кабыл алып коюшат. Ал эми жөнөкөй жарандардын соттук отурумдары 3-4 жылга созулуп, элдин нааразычылыгын жаратууда”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана жактоочу Нурбек Токтакуновдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан