Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин, 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал президенттик бийлик үстөмдүк кылып турган жерде сот адилеттүүлүгүнүн болушу өтө оор деген пикирин айтты.
“Соттор президенттин көзүн карашат. Анткени сот өз алдынча эч нерсени чече албайт. Алар адилеттүүлүк маселесинде акыркы сөз өлкө башчыда деп ойлошот. Сотторду кызматка президент коёт, алат. Мындай жерде адилеттүүлүктүн болушу өтө кыйын. Бир кишинин көзүн караган соттор эч кимден да коркпой калат.
Ал эми канткенде адилеттүү сот орнойт:
1. Сотторду президентке баш ийбей тургандай эгемендүү кылуу керек;
2. Соттордун чечим кабыл алуусу ачык болушу зарыл;
3. Соттордун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү (ЖМК өкүлдөрү жана жарандык коом);
4. Мамлекетте күчтүү саясий оппозиция болушу керек.
Соттор бийлик алмашса оппозиция келип калбасын деп алар мыйзамсыз чечим чыгаргандан чочулап калышат. Мына ошондой баалуулуктар мамлекеттик институттардын өзгөрүүсүнө алып келе турган болсо, сот адилеттүүлүгү орной баштайт. Эгерде буга окшогон кадамдар болбосо, бийлик баш көтөрсөңөр тозокко түшөсүңөр деп коркутуп отура берет”, - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, укук коргоочу
Рита Карасартова жана жактоочу
Нурбек Токтакуновдун пикири бул
шилтемеде.