Укук коргоочу Рита Карасартова: “Сот бийлик бутактарына көз каранды болбой, мыйзамга гана баш ийиши керек”

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин, 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Анын айтуусунда, мыйзамдарда жана жасалган реформада чоң мүчүлүштүк кеткен.
“Сот бийлик бутактарына көз каранды болбой, мыйзамга гана баш ийиши керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ким сот болот, муну чечүү президенттин колунда.
Бийлик соттун таза иштөөсүнө шарт түзүп бериши зарыл. Алардын ишине кийлигишип, саясий кызыкчылыкты көздөсө туура эмес жолду тандаган болот. Коррупцияга малынгандардан арылууга, соттун акыйкат иштөөсүнө шарт түзсө соттордун дагы даражасы өсөт.
Биз бул маселеге канчалык чыркырасак дагы майнап чыкпайт. Мурдагы бийлик сотторду президентке көз каранды кылган системди куруп кеткен. Кээ бир учурда соттор мыйзамдуу чечим чыгарса дагы, “сен саясий көз караш менен кабыл алышың керек болчу” деп жумуштан кетирип жибергендер да болгон”, - деди Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана жактоочу Нурбек Токтакуновдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан