Жактоочу Нурбек Токтакунов: "2020-жылы көз карандысыз саясий күчтөр парламентке келип бири-бирин көзөмөлдөп турушса сот реформасы башталышы мүмкүн"

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна жактоочу Нурбек Токтакунов жооп берди.
Ал сот адилеттүүлүгү орношу үчүн соттор көз карандысыз болушу керек деген пикирин айтты.

"Президенттердин баары эле сот адилеттигин орнотуу керек дешет. Бирок сот адилеттүү болушу үчүн биринчиден көз карандысыз болушу кажет. Өлкө башчынын көзүн карабай, саясий буйруктарды аткарбай, адам укуктарын бузбай иштеши зарыл.
Президент айтып койсо эле соттор туура иштеп калбайт. Бийликтин бутактары тең салмактуу болушу талап. Ал үчүн президенттин күчүн азайтыш керек же болбосо көз карандысыз парламент келиши керек. Бизде 20 жылдан бери эле реформа болуп келе жатат. Президент бардык бийлик бутактарын бир колго топтоп алса кантип эле сот системи көз карандысыз болуп калсын. 2020-жылы көз карандысыз өз алдынча саясий күчтөр парламентке келсе, саясий атаандаштык башталса, бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөп, кылмыштарынын бетин ачып турушса ошондо мүмкүн сот реформасы башталат", - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан