Бишкекте саясий репрессиялардын себебин жана сабактарын талкуулаган жарандык форум өтүүдө

Бүгүн, 12-мартта Бишкекте 2016-2017-жылдардагы саясий репрессиялардын себебинен жана сабактарын талкуулаган жарандык форум өтүп жатат. Аталган форумда саясий куугунтукка кабылгандар өз баяндамаларын жасашууда.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев саясий куугунтукка кабылгандар жарандык коом түзүшүп, арасында өздөрү мүчө болушканын билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде акыркы 2-3 жылдын ичинде көп саясий куугунтуктар болду. Мындай куугунтуктар Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында болгон эмес. Бул кадамдардын артында кара ой жатат, ал акча. Анткени экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндегилер эбегейсиз байыганга аракет кылышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы тууралуу айтты. Биздин талабыбыз бардык сот системиндеги реформа бир болушу керек. Өлкө башчы сот реформасы жакшырат деген иш баштады. Бул ишти эртерээк баштаса жакшы болмок. Мыйзамсыз жол менен жалаа-жаап саясатчыларды камаган тергөөчүлөр, прокурорлорду жоопко тартуу зарыл. Эгерде алар жоопко тартылбаса эл сот адилеттүүлүгүнө ишенбейт", - деди Аргынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан