Депутат: "Кыргыз алтын" ишканасы өзүн реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок"

"Кыргыз алтын" ишканасынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан бери 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок". Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев "Кыргыз алтын" ишканасынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутат "Кыргыз алтын" компаниясына караштуу кен кору түгөнүп, эбак жабылып калган "Макмал" кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады.

"Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун". "Кыргыз алтын" мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок", - дейт Кожобек Рыспаев.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына "Кыргыз алтын" компаниясынын иши боюнча айрым билдирүүлөрдү текшерип, 10-апрелге чейин анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү тапшырды. Ошондон кийин бирдиктүү чечим кабыл алынып, компаниянын ишине тийиштүү баа берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан