Парламентте депуттар ортосунда "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингди талкуулоо боюнча кайчы пикирлер айтылды

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке келип жооп беришүүдө.

Талкуу башталар алдында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев ЛГБТны талкуулоо парламенттин деңгээли эмес экенин айтты.

"Мындай теманы эл өкүлдөрү талкууласа эл аралык деӊгээлде уят болобуз. Бул теманы парламентке алып чыгуу менен күчөтүп жатабыз. Ошондуктан талкууну күн тартибинен алып салалы", - деди Бекешев.

Мындан тышкары бул теманы талкуулоого "Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов дагы каршы болду. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов: "Көчөдө талкуулагандан уялбаган, Жогорку Кеңештин жыйынында уялып жатасыңарбы? Гейлердин жүрүшүн талкуулаганга каршы болуп жаткан, депутаттар, силерге бул маселени карабагыла деп кимден буйрук келип жатат?" - деди.

Бул маселени талкуулоо добуш берүү менен чечилип, депуттар ортосунда кайчы пикирилер пайда болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kairat1996
2019-03-13 12:42:34
Кыргызстан элинин 98%ти феминисттер менен иши деле жок. Кочого чыксан эл тынч, ар ким оз оокаты менен алек болуп жатышат. Болгону чоролодун он жакты адамы журналисттерди тегерегине топтоп алышып оздорун реклама кылып жатышат. Черный пияр кыскасы.
-1
taalay25
2019-03-13 14:06:51
Kairat1996,кеп феминистер жонундо эмес гей парад жонундо болуп атат. Мамлекет менен улуттун намысын жерге тебелеп салганынардв билбейминерби?
+2
grace
2019-03-13 13:18:03
Албетте талкуулап, мындай көгүш-кумсалар экинчи жолу чыкпагандай мыйзам кабыл алынышы керек.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан