Экс-депутат Карганбек Самаков жатак абакка которулду

Экс-депутат Карганбек Самаков жатак абакка которулду. Маалыматты SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Анын айтымында, мурдагы депутат жатак абагына которулду.

"Карганбек Самаков 2-3 күн мурда абактан чыкты. Анын иши жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, кайра каралып, жатак абагына которулду. Анын 1 жарым жылга чукул мөөнөтү калган эле. Ал мөөнөттү Самаков ЖАМКтын көзөмөлүндө өткөрөт. Экс-депутат өлкөнүн аймагынын ичинде каалагандай ишмердүүлүк жүргүзсө болот. Белгиленген мөөнөт аягына чыга электе мыйзам бузса кайра абакка кайтарылат", - деди басма сөз кызматкери.

Ал эми Самаковдун жактоочусу Нурдин Дүйшөнбеков экс-депутаттын мөнөтүнөн мурда абактан чыгышын төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.

"Самаков боюнча соттун акыркы чечими чыккандан бери 1 жылдан ашык убакыт өттү. Мындан сырткары сот иши жүрүп жаткан убакта ал үй камагында, убактылуу кармоочу жайда бир топ убакыт отурган. Жогоруда айтылган мөөнөттөр менен Самаков туш болгон мунапысты кошуп эсептегенде, ал жалпы мөөнөттүн 3/2 бөлүгүн өтөп бүттү. Жаңы мыйзамга ылайык, мөөнөтүнүн 3/2 бөлүгүн өтөп бүткөн адам жатак абакка которулса болот. Буга байланыштуу 11-март күнү Карганбек Самаков абактан чыкты", - деди Дүйшөбеков.

2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
katerina.li
2019-03-13 13:31:00
Жерди жеп койгону чын эле окшойт.
+6
Erten
2019-03-13 15:27:05
katerina.li,жерди эч ким жеген эмес. жерди туура эмес транформациялаган Чудинов болчу, маалыматты туура алыныз.
-4
katerina.li
2019-03-13 17:47:07
Erten,билбейм мен депутаттарга ишене албайм . Туромодон кудай сактасын,бирок депутаттардын 99 проценти соо эмес.
+3
kechirmeni
2019-03-13 14:32:39
Жерди жегенин билбейм бирок маданиятка коп иштерди жасаган
+4
Erten
2019-03-13 15:28:03
kechirmeni,туура кытайга сатылып кеткен Манасты кайтарып келген Кыргызга! башкасын айтпай эле коелу
+4
Nurbol
2019-03-13 14:32:50
Ак ийилет, бирок сынбайт деген патриот агабыз
+1
odin-takoy
2019-03-13 14:53:12
Эртен албек сапал икамдар да чыгып келсе эле.
+4
Erten
2019-03-13 15:29:30
элим деген уулундун бошонушу менен Кыргызым!
+3
aida007
2019-03-13 16:13:13
Мен чын журоктон суйундум
+3
KUMKA
2019-03-13 16:52:36
Бугунку биздин саясатчылардын кобу жерди мыйзамсыз транформациялап акчага маарышкан.Ошол эле Кок-жар конушунун жанында элитный конуштарды мыйзамсыз ээлеп,жалан байларга саткан адамдар тургундар беш колдой таанып,айтып журушот.Жонокой жарандардын уйлору болсо мыйзамсыз деп сурдуруудо .Самаковго окшоп канча бечара боштондукка чыкты экен .?Бир гектар жердин акчасын берсек соттор Самаковго тошогундо Андижан полкасына бийлегенге даяр...
+2
bekov01
2019-03-13 18:52:26
Самаковду Кыргыздын патриот жигити катары тааныйм. Ак ийилет бирок сынбайт. Шайлоолорго катышып калышын умут кылабыз
0
Baatirbek81
2019-03-13 21:14:31
Тоок урдагандар жатат беш жылдап.
+2
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-13 23:06:33
Turmodon chykkan adamdai emes,turmodogulorgo uchurawyp kelgen kiwidei chygyp baratat go kychyrap.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан