Кечээ, 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталгандардын иши каралды.
Анда сот Дамирбек Назаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алды.
Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылды.
Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.