Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке келип жооп беришти.
Талкуу учурунда эл өкүлдөрү 8-мартта феминисттердин өткөргөн тынч митинги ЛГБТнын жүрүшүнө айланып кеткени коомчулукта терс пикирлерди жаратканын айтышты. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев аялдардын укугун коргоого арналган тынч митингде мыйзам эмес, нарк-насил бузулганын белгиледи.
"Мыйзам бузулган жок, нарк бузулду. Биздей аз улут үчүн нарк мыйзамдан да күчтүү. Биз мыйзам менен жашаганыбызга 90 жыл болсо, нарк менен жашап келе жатканыбызга миң жылдан ашты. Улутту улут кылып турган - бул тил эмес, каада-салт, нарк-насил", - деди Иманалиев.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-марттагы жүрүштө жалпылап караганда мыйзам бузуу болгон жок деп билдирди.
"Бирок коомго жат, каада-салтка туура келбеген маселелер көтөрүлдү. Ички иштер министрлиги бул жаатта иш алып барат. Кээ бир мыйзамдарды карап, аларга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек", - деди Асанов.