Депутат Мирлан Бакиров: "ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча акыркы чекитти сот коёт. Соттун отуруму ачык болсо бардыгына толук маалымат жетет"

Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" - деген собол салды.

Суроого жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурум ачык болгону туура экенин белгиледи.

“ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча Жогорку Кеңеште, коомчулукта ачык талкуу болуп жатат. Демек, соттук отурум дагы ачык болгону туура. Анткени акыркы чекитти сот коёт, ошол соттук отурум ачык болсо бардыгында толук маалымат жетет. Эгерде сот отуруму ачык болот деп жарыяланып, журналисттер киргизилбей калса ал жакта тартип бузулган болот.

Президент дагы сот отурумдары ар бир кароодо ачык-айкын, үн жазуучу видеокөзөмөлдөр менен коштолушу керек деген маселени коюп жатат. Бирок бул жерде Кытай менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы кандайдыр бир дипломатиялык мамиле бузулуп калбоосун дагы сактоо керек деп ойлойм”, - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Ирина Карамушкина, Мирлан Жээнчороев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан