"Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш саясий өңүткө айланып кеткени үчүн сот отурумдары ачык өтүшү керек" дейт депутат Ирина Карамушкина

Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурумдар ачык болушу керек деген пикирин айтты.

"Эл тергөөнүн акыйкат жана ачык-айкын болгонуна ишенбейт. Демек, бийликке дагы ишенбейт деп айтууга болот. Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш саясий өңүткө айланып, фальсификациялоо фактылары чыга баштагандыктан соттук отурумдар ачык өтүшү керек", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Мирлан Бакиров, Мирлан Жээнчороев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан