Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ал 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнө тапшырган.
Мамытов эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.
2001-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн прокурору;
2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсү;
2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы;
2005-2006-жылдары Башкы прокуратуранын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору;
2006-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары;
2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары;
2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору;
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.
2011-2013 жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
14-мартка карата жылнаама.