Ушул жылдын 24-апрелинде өрттөнүп кеткен Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун чатыры учурда оңдолууда. Өрт чатырдагы электр зымдарынын туташкан жеринен чыккандыгы белгилүү болгон. “Учурда чатырды жабуу иштери жүрүүдө, август айынын башына аяктап калат. Чатырды оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бийликтен 2,5 миллион сом бөлүнгөн”,- дейт аталган борбордун директору Турат Муратов.