Бүгүн Бишкекте Сооронбай Жээнбеков элчилер жана консулдар менен жолукту

Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков элчилер жана консулдар менен жолукту.

Анда өлкө башчы элчилер мамлекеттик ички муктаждыктарды жакындан билиши керек экенин айтты.

"Тышкы саясаттын негизги багыттары мамлекеттин ички кызыкчылыктары менен тыгыз байланышкан. Ошол себептен Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилерин чогултуп, жыйын өткөрүүнү чечтик. Өлкөдө ири коомдук-саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр болууда. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияны жоюу, сот-укуктук реформалар жүрүп жатат. Бүгүнкү кеңешменин максаты - өткөн жылдын жыйынтыгына анализ жасап, кийинки жылдарга тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо болуп саналат", - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Орусия менен соода-экономикалык байланыштарды арттырып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканын айтты.

Жыйынга 27 элчи жана 7 консул катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан