Бишкекте жылуулукту өчүрүү чечими 25-марттан кийин ыкчам штабдын жыйынынан соң белгилүү болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Бишкекте 25-мартка чейин аба-ырайынын суткалык көрсөткүчү +8 градустан жогору болбойт. Ал эми эреже боюнча абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болсо, жылуулук берүү токтотулат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Бишкек шаарына жылуулук 2018-жылдын 18-октябрынан тартып бериле баштаган.