Саясатчы Адахан Мадумаров: "Чек арадагы чыр бийликтин иш жүргүзө албагандыгынын, алсыздыгынын кесепети"

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал маселени чечүү үчүн Тажик тарап жана жергиликтүү эл менен сүйлөшө ала турган инсан болушу керек деген пикирин айтты.

"Чек арадагы чыр атайын чыгышы мүмкүн эмес. Маселенин чечилбей жатышына Кыргыз бийлигиндеги сүйлөшүүгө жөндөмдүү кишинин жоктугу себеп болууда. Биринчиден, тажик тарап менен сүйлөшө ала турган, экинчиден, ал жердеги жергиликтүү калк менен сүйлөшө турган инсан болушу керек. Ал социалдык жактан легитимдүү болушу зарыл. Легитимдүү деген анын сөзүнө, кыймыл-аракетине эл тарабынан толук ишеним көрсөтүлүшү керек, андай инсан жок. Бүгүнкү күндө эл менен бийлик ортосунда сүйлөшө ала турган киши жок. Жыл сайын жазында ушул маселе чыгарын билишет. Эмне үчүн ушуга чейин алдын алуу иштери жүргүзүлгөн эмес? Аны айткан менен бул нерсени түшүнгөн киши жок, маселенин баары ушунда", - деди Адахан Мадумаров.

Мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан