13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.
Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Өзбек чек араларынын такталбашы курч маселе болуп эсептелет.
“Бул маселе көптөгөн жылдардан бери чечилбей келген. Бардык бийликке келгендерге бул маселени чечүү оор. Себеби биздин коомдо агрессия аябай күчтүү, кээ бир маселелерди тереңирээк карабаган учурлар болот. Ошондуктан ар бир келген бийлик бул көйгөйдү чечпестен кийинки бийликке калтырып кете берет. Ал эми чек аранын тегерегинде орун алган маселелер күндөн-күнгө чиеленип, көбөйүп бара жатат. Эки тараптын чек арага жакын айылдарында жашаган адамдар бири-бирине кооптонуу менен жаман мамиле кылганга үйрөнүп калышкан, мындай маселелер көп. Мен чыр атайын уюштурулду деп айта албайм. Чечилбей келе жаткан маселе чоң көйгөйгө айланды. Мындай учурлар коомдо активдүү пикир жарата турган маселе болуп эсептелет. Бул маселени тынч дипломатиялык сүйлөшүү жолу жана мамлекеттик институттардын кийлигишүүсү менен гана чечишибиз керек. Бул маселеде эмоцияга, популизмге алдыруу коом үчүн, саясатчылар үчүн туура эмес болуп эсептелет”, - дейт Жээнбеков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.