Бишкек ЖЭБиндеги мүчүлүштүк толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек ЖЭБиндеги мүчүлүштүк толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн 14-март күнү саат 12:30 чамаларында ЖЭБдеги электр жабдуусу (шиналардын биринчи системи 110 кВ) өчүп калган.

Мунун негизинде технологиялык коргоо шарттарына ылайык казан жана турбина жабдуулары өчүрүлгөн. Буга байланыштуу Бишкектеги 5-кичи районунун тургундары ысык суусуз калышкан.

Ишкананын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева саат 18:30да жабдуунун режими толугу менен калыбына келтирилгенин билдирди. Учурда мүчүлүштүктүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан