АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргыз өлкөсүндө саясий куугунтукка кабылгандарды атады. Алар: Текебаев, Жапаров, Исаков жана Сатыбалдиев

АКШнын адам укуктары боюнча мамлекеттик департаментинин 2018-жыл боюнча отчёту жарыяланды. Анда Кыргыз мамлекетиндеги саясий куугунтукка кабылгандар тууралуу да айтылат.

Эксперттердин жана байкоочулардын пикирине таянып отчёттун "Саясий туткундар жана кармалгандар" деген бөлүмүндө "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен саясатчы Садыр Жапаров тууралуу айтылат. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча "Адилет" укуктук клиникасы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жөнүндө да жазылат.

Мындан тышкары укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүнө таянып экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышы да саясий куугунтук деп көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан