Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, болжол менен 420 чарчы метр аянт күйгөн.
"Турак үйдөн чыккан өрт 15:42де толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин маалым болгондой, Бишкектеги Дэн Сяопин-Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сатылган үйдөн өрт чыгып, 1 турак үй, 1 жүк ташуучу унаа толугу менен, жакын жайгашкан дагы 2 үйдүн чатыры күйүп кеткен.