Саясат таануучу Эмилбек Жороев: "Асылбек Жээнбеков бийликке аралашып жатат деген сөздөр айтылып, далил көбөйө берсе бул президенттин аброюна өтө чоң сокку болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна саясат таануучу Эмилбек Жороев жооп берди.

Анын айтымында бийлик үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түшүүсү мүмкүн деген коркунуч бар.

"Албетте, эки суроо эки башка. Биринчисине Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп ким айтты? Эгер Мээрбек Мискенбаев айтты дей турган болсок, анда ага окшогон талаптар күн сайын эле бардык саясатчыларга айтылып турат. Алардын баарын аткарганда бизде саясат болбой калат. Экинчи жагы үй-бүлөлүк башкаруудан арыла алабызбы, азыркы бийлик андай жолго түштүбү же түшкөн жокпу деген суроого менимче коркунуч бар. Сооронбай Жээнбековдун президент болуп келгенине бир жылдан ашты. Асылбек Жээнбеков бийликке аралашып жатат деген сөздөр бар, булар уланып, далил көбөйө берсе президенттин аброюна өтө чоң сокку болот. Муну президент да, иниси да дыкат ойлонуп, түшүнүшү керек. Азыр үй-бүлөлүк башкаруу барбы же жокпу дегенге менде жооп жок", - деди Жороев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Марат Казакбаев, жарандык активист Алга Кылычов жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан